Таланттуу ырчы, эки кыздын энеси
Назминин учурда чыгармачылыкка кызуу киришкен кези. Аны менен катар ырчы
“өзүмдү калыбыма келтирбесем болбойт” деп машыгуу залына бара баштады.
"Төрөгөндөн кийин толуп кеттим. Сахна адамы болгондон кийин келбетке кам көрүш керек экен. Учурда кичи райондордун биринде жайгашкан спортзалга барып, пилатес, калланетика, жеңил аэробика менен машыгып жатам. Жылыш бар. Бир айдын ичинде 5 килограмм салмак таштадым. Иштөө убактысы да менин иш тартибиме туура келет экен. Чыгармачылыгыма да, үй-бүлөмө да, өзүмө да көңүл бурууга убактым жетишип жатканына кубанып жатам",- дейт Назми.
Ошондой эле ырчы экинчи кызы Алиманын тушоо тоюн өткөрүүгө камынып жатканын билдирди.