Кыргыз дизайнерлери Майамиде 15-18-майда өтүүчү «Haute couture Fashion week Miami» мода жумалыгына катышат. Учурда дизайнерлер Салтанат Мамырова, Улан Касымовдор аталган жумалыкка кызуу даярданышууда. Бул көргөзмөдө алар төрт коллекция тартуулашат.
Модельерлердин айтымында, алар буга чейин Борбор Азия Мода жумалыгына катышышкан жана чакыруу ошол жумалыктын уюштуруучуларынан түшкөн.