"75 жаштагы айымдын акчасын уурдады" деп шектелип 18 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй районунун 75 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Анда 8-апрель күнү белгисиз бирөө 700 доллар акча каражатын уурдап кеткени айтылган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип 18 жаштагы кыз кармалды.
Учурда “уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.