Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районундагы Жолон Мамытов атындагы кичи сейил багында 45 түп арча жана 180 каштан дарагынын көчөтү отургузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Ага Ош шаарынын вице-мэри Кутманаалы Абдырахман уулу катышты. Ошондой эле жергиликтүү тургундар тартылган.
“Жерди түзөтүү иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында 45 ийне жалбырактуу дарак жана 180 каштан дарагынын көчөтү отургузулду. Мурда бул жер бош эле жаткан. Апрель айы жаан-чачындуу болору күтүлүүдө. Андыктан биз шаардын айланасындагы сейил бактардагы жашылдандыруу иштеринин 1-этабын жыйынтыктап жатабыз. Быйыл 700 ийне жалбырактуу дарак, 400 ак кайың, 200дөн ашык кара жыгач көчөтү, 5 миңден ашык даана роза отургузулду. Бул жылы өткөн жылдагы гүлдүн уруктары эгилди”,- дейт Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова.
Эске салсак, Ош шаарынын мэринин токтомунун негизинде шаардын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча 2014-жылдын 15-мартынан 15-майына чейин жазгы 2 айлык жарыяланган.