Москва районундагы “Юбилейный” кинотеатрына кыргыз киносунун ишмери Шаршен Усубалиевдин ысымы ыйгарылды. Мындай чечимди Кинематография департаменти 2014-жылдын 10-апрелинде №23-буйруктун негизинде кабыл алды.
Белгилей кетсек, Ш.Усубалиев 1923-жылы Москва районунда туулган. Ал 1863-1963-жылдары “Кыргызфильмди” жетектеген. 1963-1968-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин кинематография комитетинин төрагасы, 1968-1970-жылдары Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин башкы башкармалыгында жетекчи, 1970-1971-жылдары Азия жана Африка мамлекеттеринде “Совэкспортфильминде” консультант, 1971-1977-жылдары Египетте “Совэкспортфильминин” төрагасы, 1977-жылдын июль айылда Кыргыз ССР мамлекеттик комитетиндеги кинематографиясынын орун басары болуп шайланган.
1983-1994-жылдары Кыргызстан кинематографисттер союзун жетектеген.