Кемин районунда уурулук фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 15-март күнү Кемин районундагы “Асфальтбетон” ишканасынын аймагында темир тосмолор жана жүк ташуучу унаанын тетиктери, суу ысыткыч челек уурдалган.
Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип Кемин районунун 28 жаштагы тургуну кармалды.
Учурда “уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.