Президент Атамбаев “КРнын айрым мыйзамдуу актыларга толуктоолорду киргизүү” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү маалымдады. Салык кодексинин 319-беренесине толуктоолор кирип, уюлдук байланыш тармагында сатуулардан 5 пайыз салык алынары жазылган. Мыйзам расмий жарыялангандан 2 айдан кийин күчүнө кирет.