“Мыйзамсыз миграция уюштурган жана жасалма документ жасаган” деп шектелип Нигериянын 4 жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 9-апрель күнү Бишкекте Нигерия Республикасынын 4 жараны кармалган. Кармалгандар чет өлкөгө чыгып иштөө жана окуу үчүн кыргызстандыктарга жалган маалымат таратышкан. Бул үчүн алар жалган документ сунушташкан. Анын баасы болжол менен 10 миң доллардын тегерегинде болгон. Учурда “мыйзамсыз миграцияны уюштуруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.