Москва районунан үйдөн алыс кетип, адашып кеткен 4 жаштагы балдар табылды

Чүй облусунун Москва районунан үйдөн алыс кетип, адашып кеткен эки жаш бала табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2014-жылдын 8-апрелинде Ак-Суу айылынын тургуну “менин 4 жашар балам Т.Максат үйдүн короосунда ойноп жатып жоголуп кетти” деп милицияга кайрылган. Укук коргоо кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, кечке жуук Беловодск айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан табышты. Ал ата-энесин издеп, ыйлап жаткан экен. Аны менен кошо анын теңтушу да жүрүптүр.

Укук коргоочулар баланын энеси менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Desmond
2014-04-11 17:52:17
Жакшылап карагыла!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан