Атайын комиссияга Баатыр эне орденин алуу үчүн республика боюнча 7 миңдей сунуш түштү

Быйыл Баатыр эне орденин алуу үчүн президенттин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгына жалпы республика боюнча 7 миңден ашуун сунуш түштү. Бул тууралуу аталган комиссиянын эксперти Эрнист Апилов билдирди. Анын айтымында, ар аймактан келип түшкөн сунуштар комиссия тарабынан каралып, талаптарга жооп берген тартипте, туура, так, мыйзамга ылайык толтурулган бардык сунуштарга жооп кайтарылып, Баатыр эне ордени ыйгарылат. Маалыматка ылайык, аталган орден 7 же андан көп балалуу, балдары 1 жашка чыккандан кийин сот жообуна тартылбаган энелерге тапшырылат. Ошондой эле балдарынын бири сот жообуна тартылып, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесине (соттолуучулук) ылайык, соттолуучулугу алынып салынган же жоюлган болсо, анда ал эне Баатыр эне ордени менен сыйлана алат.

Эске сала кетсек, аталган орденди салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи 2012-жылга чейин 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүндө белгиленип келсе, 2012-жылдан тартып президенттин жарлыгы менен май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келе жаткан Энелер күнүнө жылдырылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан