Аба ырайы, 12-апрель: Республиканын аймагында жаан жаайт

12-апрелде республиканын аймагында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн +6°C

Талас облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн +6°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +12°C, түнкүсүн +7°C

Баткен облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн +6°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн +6°C

Нарын облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -5°C

Бишкек шаары. Күндүз +11°C, түнкүсүн +4°C

Эскертүү!

12-14-апрелде өрөөндөрдө жаан жаап, карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. 13-15-апрелде абанын температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарда түнкүсүн үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Мындай күчтөнгөн үшүктүн жүрүшү мөмөлүү бактарга өтө эле коркунучтуу. 12-апрелде Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын дарыяларында абанын жогору температурасына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт жана сел жүрүшү мүмкүн. 12-14-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу аймактардын Бишкек-Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан