Кыргызстанда жалпы билим берүү мектептерин окуу китептери менен камсыз кыла албай жатат. Жылына болгону 40 пайыз гана камсыздап калып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде өкмөт жыйынында КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.
“Китеп фонду 5 жыл аралыгында жок дегенде бир жолу жаңыланып турушу керек. Бирок Кыргызстанда ал эчак эскирип бүткөн. Китептердин да жетишсиз болуп жатышы балдардын билим алуусуна тоскоолдук кылып жатат. Бирок фондду 7-8 жылда да жаңылай албай жатабыз”,- деди Садыков.