Парламенттик фракциялардын ичинде депутаттык топторду түзүүгө укук берген мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 27-декабрда өтүп жаткан ЖКнын жыйынында депутат Хажимурат Коркмазов тарабынан демилгеленген “КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунда бир нече депутаттын парламенттик фракциядан чыгып, өз алдынча депутаттык топ түзүүсүнө жол берилген. Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева бул мыйзамдын долбоору Баш мыйзамдын жоболоруна кайчы келгендиктен, биринчи жана экинчи окуулардын жүрүшүндө комитет тарабынан колдоо таппагандыгын билдирди. Ал эми депутаттар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, Кожобек Рыспаев депутаттык фракциялардан сырткары депутаттык топтордун түзүлүшү парламенттеги саясий күчтөрдүн биримдикте иштөөсүнө жол ачарын белгилөө менен өз кесиптештерин мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Алардын пикиринде, уюмдашкан депутаттык топтор өз көз карашына жакын көпчүлүк же азчылык коалицияларына да кире алат. Жыйынтыгында бул мыйзамдын тагдыры добуш берүү аркылуу чечилмей болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан