Жылнаама, 13-апрель: Бүткүл дүйнөлүк рок-н-ролл күнү

* Бүткүл дүйнөлүк рок-н-ролл күнү.   

1922-жылы, мындан 92 жыл мурун Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. Эр жеткенде комсомолго өтүп, колхоздун түрдүү жумуштарында иштеген. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чакырылып, 1941-жылы согушка кеткен. Чолпонбай Түлөбердиев гитлердик баскынчылар менен болгон айыгышкан кармашта Воронеж облусундагы Георгиу-Дежский районундагы Селявный кыштагын бошотууда 1942-жылы 6-августта душмандын амбразурасын (пулемёттон ок чачып турган дзотту) денеси менен жаап, баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.

* 53 жыл мурун, 1961-жылы Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин чечимине ылайык, Эт комбинаты көчөсүнүн аталышы Юлиус Фучик болуп өзгөртүлгөн. Юлиус Фучик чех коммунисттер кыймылынын ишмери, журналист, жазуучу, адабий жана театр сынчысы болгон. Чехословакиянын Улуттук Баатыры.

* 1963-жылы, 51 жыл мурун советтик жана орусиялык шахматчы Гарри Каспаров Азербайжан ССРинин Баку шаарында төрөлгөн. 10 жашынан баштап Гарри Михаил Ботвинниктин шахмат-мектебине тапшырып, 15 жашында анын жардамчысы болгон. 1976-жылы Гарри Вайнштейн 13 жашында СССРдин өспүрүмдөр арасында чемпиону аталган. Каспаров биринчи жолу дүйнөнүн чемпиондук наамын багындыруу үчүн Анатолий Карпов менен кез келишкен. Беттеш 1984-жылдын 10-сентябрынан 1985-жылдын 15-февралына чейин созулуп, шахмат тарыхында эң узак созулган беттеш катары тарых барактарына жазылган. Эсеп тактасы 5:3 кезинде оюн ФИДЕнин президенти Флоренсио Кампоманес тарабынан токтотулуп, жеңүүчү болуп эч кимиси аталган эмес. Гарри Каспаров 22 жашында дүйнөнүн 13-шахмат боюнча чемпиондук наамын багындырган. Андан кийин Карпов менен Лондон, Ленинград, Севиль, Нью-Йорк жана Лион шаарларында беттешип, чемпиондук наамын татыктуу сактап кала алган.      

1987-жылы, 27 жыл мурун ырчы Кундуз Канатбек кызы туулган. Ал кызы Ысык-Көл облусуна караштуу Бөкөнбаев айылында жарыкка келген. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 11-классты аяктап жатканда мектептеги кыздар түзгөн топко кошулуп, шоу-бизнес дүйнөсүнө алгачкы кадамын Спорт Ордосунда чоң концерттердин биринде таштаган. Кийинчерээк топто ырдоо кыйынчылык туудуруп, өзүнчө ырдап чыгууну чечкен. Башында сахнага чыкканга Айя Садырова жардам берип, Мурат Жолукеев менен иштешкен. 2013-жылы продюсерлүү болуп, курбусу, "Версус" бий тобунун жетекчиси Айпери Обозова менен иштеше баштаган. Кундузга өзгөчө атактуулукту 2008-жылы ырчы Сема менен биргеликте аткарган "90-60-90" аттуу ыр алып келген.   

Жылнаама толугу менен бул жерде... 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
topchubaevs
2014-04-12 23:39:35
мен да ушул куну туулганмын
+2
aikow92
2014-04-13 00:27:29
topchubaevs, Жылнаамага кошуп коюуш керек экен. Туулган кун кут болсун!!!
+1
nurmat.kg
2014-04-13 12:42:52
topchubaevs, Ушул куну оборт болбой туулган кунун менен.
-2
topchubaevs
2014-04-13 16:19:09
nurmat.kg, ошону айтсаныз.рахмат
0
patriot_doni
2014-04-13 13:26:25
Урматтуу Админ,форумдагы мусулманча балдардын ысымдарына шилтеме берип койгулачы сураныч...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан