"Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болот
Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети 2013-жылдын 22-январында "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Парламенттик угуу Жогорку Кеңеште саат 10:00дө башталат.