Жылнаама, 14-апрель: Мындан 102 жыл мурун Дүйнөдөгү эң кубаттуу кеме “Титаник” айсбергге урунган

135 жыл мурун, 1879-жылы Түркстан генерал-губернатордугунун жарлыгына ылайык, Шабдан Жантай уулу Аннен лентасына тагылчу алтын медаль менен сыйланган. Шабдан баатырга ыйгарылган сыйлык "Орус империясы үчүн көрсөткөн өзгөчө салымы үчүн" берилген. Тарыхчылардын тактоосуна караганда, Түркстан чөлкөмүндө мамлекеттик сыйлыктарды Шабдан баатырдан башка адам алган эмес. Ал 1-даражадагы 5 чапан, 2-даражадагы 1 чапан, Станислав жана Аннен ленталарына тагылып моюнга салынчу эки чоң алтын медаль жана төрт медаль менен сыйланган.

102 жыл мурун, 1912-жылы Дүйнөдөгү эң кубаттуу, эң чоң жана эң кымбат кеме “Титаник” айсбергге урунган. Кеме Саутгемптон - Нью-Йорк багыты боюнча 1912-жылы 10-апрелде өзүнүн алгачкы жана акыркы сапарына чыккан. Кеменин бай жүргүнчүлөрү үчүн бассейн, түрк мончолору, спорт залдары, теннис аянтчалары, ресторандар салынган. Курууга кеткен акчанын жалпы көлөмү азыркы акча менен 100 миллион долларды түзгөн. Кемеде 20 куткаруучу кайык болгон. Бул сан эл аралык стандартка жооп бергени менен, кемедеги жүргүнчүлөр үчүн өтө эле аздык кылган. “Титаник” 1912-жылы 14-апрелде айсбергге урунуп, 2 саат 20 мүнөттүн ичинде океан коюнунда жок болгон. Кемедеги 2227 адамдын ичинен 705 киши гана аман калган.  

1916-жылы, 98 жыл мурун жазуучу, акын, драматург Насирдин Байтемиров Чγй облусунун Кегети айылында дыйкандын γй-бγлөсγндө туулган. Н.Байтемиров поэзия жанрында да γзγрлγγ эмгектенген кыргыз акындарынын ирилеринин бири. Башкасын айтпаганда да, "Жγрөк кγγсγ" (1955), "Сγйгөнγм" (1957), "Канаттуу кγндөр" (1964), "Эриген таш" (1969), "Махабат дастаны" (1975), "Махабат жазы" (1979), "Махабатым – канатым" (1981) сыяктуу көлөмдγγ ыр жыйнактарынын өзγ эле кыргыз поэзиясынын тарыхынан көрγнγктγγ орундардын бирин алып берγγгө кудурети жеткен.

1985-жылы, 29 жыл мурун “Дем” театрынын актёру Эркин Эгембердиев Балыкчы шаарына караштуу Таш-Сарай айылында туулган. Актёр Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун аяктаган. Эркин Эгембердиев "Белгисиз маршрут", "Боз салкын", "Сен эмне кылмаксың?" ж.б. тасмаларда роль жаратып, ал эми театрда "Аюу" (Чехов), "Үйлөнүү" (Гоголь), "Абийир кечирбейт" (Абдумомунов) чыгармаларында ойногон.

2009-жылы, 5 жыл мурун Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын жаш депутаты Санжар Кадыралиевди кечки саат бештерде Бишкектеги үйүнүн жанынан атып кетишкен. Кылмышкер депутатты бир ок менен башка атып максатына жеткен. Шектүү деп саналган А.Итибаев 20-апрелде кармалып, күнөөсүн моюнуна алган. 

Жылнаама толугу менен бул жерде... 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан