Японияда космос айдыңында болгон сакуранын шагы 6 жылга эрте гүлдөдү. Бул тууралуу япониялык маалымат каражаттары 12-апрелде жазып чыгышты.
4 жыл мурун отургузулган көчөт 8 ай эл аралык космос станциясында болуп, аталган аралыкта Жерди 4,1 миң жолу айланып чыккан. Андан соң сакураны будда чиркөөсүнүн аймагына отургузушкан. Апрелде көчөттүн узундугу 4 метрге жетип, гүлдөгөн. Сакура 10 жылдан кийин гүлдөйт деп айтылып келген. 1250 жылдык дарактын бутагы космосто болгондон кийин белгиленген мөөнөттөн 6 жылга эрте гүлдөп, чанда кездешчү окуя катары катталган.