Бишкек шаарында 2 килограмм героин алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык ИИББинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн атайын оперативдик иш-чарада Ош шаарынын 39 жаштагы тургуну кармалган. Кармалган жарандын айтымында, ал 25-декабрь күнү Ош шаарынан Бишкекке келе жатып, жолдон кафеден ага белгисиз адам 10 миң сунуштап, баңгизатты Бишкекке жеткирүү керектигин суранган. Ал эми эртеси кармалган жаран Кызыл-Аскер районунда бирөөгө баңгизатты бермекчи болгондо кармалды. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.