Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кечээ, 13-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 12-апрель күнү саат 07:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 236-чакырымында Тойота Дон-Хенг унаасы жолдон чыгып, 150 метр бийиктиктен кулап кеткен. Анын кесепетинен Ички иштер министрлигинин 2 кызматкери каза болду. Алар: 1982-жылы туулган Нургазы Молдожакыпов жана Максат Жоробеков.