Таластагы турак үйлөрдүн биринде 2010-жылы Апрель окуясында уурдалган граната жарылып, 17 жаштагы бала каза тапты

Таластагы турак үйлөрдүн биринде граната жарылып, бир өспүрүм каза тапты. Маалыматка ылайык, жарылган граната 2010-жылы 6-7-апрелдеги окуяларда уурдалып, кандайдыр бир себептерден улам өспүрүмдүн колуна түшкөн. 

Белгилүү болгондой, 11-апрель күнү саат 18:00 чамасында Таластагы турак үйлөрдүн биринде коноктор чогулган учурда жардыруу болгон. 17 жаштагы бала граната менен уюлдук телефонду зым менен бириктирген. Жардыруудан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок эсине келбей каза тапкан. 

Мындан сырткары бөлмөдө турган 1991-жылкы кыз да жаракат алган. Анын чачтары жана бети күйгөн. Талас РИИБинин тергөө бөлүмү кырсык болгон жерди изилдеп жатып жарылган гранатанын бөлүктөрү менен телефондун сыныктарын табышкан. 

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Жардыргыч заттарды мыйзамсыз алуу, сактоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kama_future_millioner
2014-04-14 08:47:33
Кырсык каш кабактын ортосунда деп бекеринен айтылбаганда
0
Lumia-800
2014-04-14 14:19:47
"граната менен уюлдук телефонду зым менен бириктирген" Тушунбодум ушул жерине. Жайы жаннаттан болсун! Ошону уйдо сактаган Ата-Энеси куноолуу.
0
mir89kg
2014-04-14 22:59:57
Ошондуктан элдеге кырал таратууну кереги жок болчуда. Эми бул жигиттинда герой кылыш керек себеби 7-апрелдин кесепетинен бала каза тапты!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан