Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кечээ, 13-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 12-апрель күнү саат 08:34 чамасында Кочкор-Арал унаа жолунун 32-чакырымында Ниссан Террано унаасынын дөңгөлөгү жарылып, үч жолу аңтарылып, жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен 4 адам жабыркады. Окуя болгон жерге куткаруучулар чыгышып, жабыркагандар райондук ооруканага жаткырылган.