Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарды чогултууга укук берүүгө багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

ЖКда өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан КРнын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Улукбек Кочкоровдун айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, жергиликтүү салыктарды патенттик салыктарды жыйноо милдети жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнө тапшырылат. Мындай усул жергиликтүү бийлик органдарынын кызыкчылыгын арттыруу максатында иштелип чыккан. Ошону менен бирге ал чогултулган салыктын көлөмүнүн өсүшүнө түрткү берет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан