Бишкек шаарынын Ак-Өргөө жаңы конушунда өрт кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 13-апрель күнү саат 04:00 чамасында турак үйдүн бөлмөсүндө өрт чыккан. Анда бөлмөдөгү эмеректер жана 3 чарчы метр пол күйгөн. Ошондой эле бөлмөдө 1972-жылы туулган А.С. аттуу квартиранттын түтүнгө ууланган денеси табылган. Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан.