Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 13-апрель күнү Кочкор-Жумгал унаа жолунун 12-чакырымында 2 Ауди унаасы кагышкан. Анын кесепетинен 5 адам жабыркады. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилди.