Москвада кыргызстандык жаран бычактан жараат алып каза тапты

11-апрелде Орусиянын борбору Москвада кыргызстандык жаран бычактан жараат алып каза тапты. Бул тууралуу орусиялык телеберүүлөрдүн бири көрсөттү.

Маалыматка ылайык, 11-апрель түнү белгисиз эки адам бычактан жабыркаган эки адамды ооруканага алып келишкен. Муну оорукананын видеокөзөмөл камерасы тартып алган. Анда унаадан эки жаран чыгып, оорукананын ичине кирүүгө аракет кылышкан. Бирок ал түнү оорукана жабык болгон. Андан соң алар "Тез жардам" кызматына чалып, белгисиз тарапка качып кетишкен. 

Дарыгерлер келгенде жабырлануучулардын бири каза тапкан. Ал бычактан жараат алып, көп кан жоготуп каза тапканы белгилүү болгон. Мындан тышкары ал Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Ал эми экинчи жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Тергөө кызматы “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөөчүлөр видеожазууну иликтеп, унааны айдап келип, качып кеткен кылмышка шектүүлөрдү издеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Abdyrawit
2014-04-14 11:36:55
Кайран гана кыргыз элим....
Москвадан бири олуп келди дегенин угуп экинчиси москвага кетип жатат.
Турмуш тирикчилик деп ушуинтип олуп жатышат.ошолор озунун мекенинде коз жумса не болмок.эми ал жактан кыргызстага келгинче да бир кыйла туйшук....
Аман эле болгулачы мекендештер
+6
Dadin
2014-04-14 12:37:37
Москвага иштегени келгенден кийин жакшына иштеп журушсо болот да,москвадагы жаштарда тарбия деген жок,улуу,кичууну козго алмай жок, ичип алса чекеден жолборс,арстанго баары.Бири менен бири мушташмай,тиштешмей,бычакташмай деген корунуштор.Тунку клубка,жакшы эс алганы барбай эле тиштешип,мушташып,бычакташыш учун эле барышат.Эмне дейбиз эми, олуп калган баланын ата-эне, бир туугандарына конул айтабыз,кайрат кылгыла. Жаштарга акыл-эс берсин,кочодо азыраак жургуло,жакшылыка алып келбейт.!!!
+6
Manasasman
2014-04-14 12:47:47
Неонацистар азияттарды адам катары корушпойт кааласа бычак менен кааласа башка жагы менен кордошот. Башка мамлекеттен ушундай болуптур деген кабар уга элекмин орустардан башка.
+8
Lumia-800
2014-04-14 14:17:05
Эчнерсени тушунбой туруп орусуна башкасына жалаа жаппай тургула! Мумкун куноо оздорундодур...(адаттагыдай эле)
+2
Kalempir26
2014-04-14 15:35:57
Кыргыз элим тынч эле болсун ата-энелерине ошол баланын сабырдуулук бийишин берсин аала.
0
Ken86
2014-04-14 15:37:50
Орустарда куноо дей бербегиле.озубуздун эле кыргыздар кылып жатышпайбы.тоноп уруп типа черныйбыз деп
+1
Made_in_Mama
2014-04-14 17:34:17
Адамдын олуму иттин олумундой болуп калды гоо. 28мартта Москвада менин бир байкем кайтыш болуп келди. Электричкага рюкзагы илинип, озун кошо илип барып таштаган имиш. А бирок, жол кээнири экен. Жол кээнири болсо, кантип электричканын тубундо журмок эле?! Айылдагылар ушул версияга ишенип кала беришти... Биздин балдар-кыздар чымындай эле олуп баратышат. Абай болгулачы.
0
toha
2014-04-14 17:59:03
ал озу жалгыз эле бычак жеген деп уктум эле кызык жанындагы жарадар болгон ким болду экен ал жонундо укпадым эле. Башка сайтта бир эле адам бычак жеген деп айтылып журот бул жерде жарадары да бар дептип бирок ал жерде жарадар болгон эмес.
+1
beka_95
2014-04-14 18:41:09
Ееех кыргызым чет жер ботон ел ар бирибиз озубузго сак бололучу
Ашыкча басуунун кымындай пайдасы жок туугандар бул жаштык коз ачып жумганча отуп кетет ертесинде ойлонуп иш кылбасак кийин кеч
Журок менен кенешип акыл менен иш кылгыла деер елем
Аллахым озунун бейишине насип кылсын оомийн !!!
+3
lazygirl
2014-04-14 21:35:00
Кыргызстандын жарааны деп атат , демек кыргыз эмес болобу? Бирок окунучтуу..
0
buzeinep
2014-04-15 01:16:49
Ботон эл ботон жерде тынч болгула кыргызсдар
+1
meerimbek_kudaiberdiev
2014-04-15 04:40:24
мас болсо куноо анда озундо
0
toha
2014-04-15 11:01:09
соогу дагы деле келе элек экен миш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан