2012-жылдын башынан бери өрт кырсыгынан өлкө боюнча 72 адам каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик өрт кызматынын алдындагы өрт профилактикалык агенттигинин башчысы Мирбек Жээналиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 2012-жылдын башынан бери жалпысынан 3255 өрт кырсыгы катталган. Кырсык 72 адамдын өмүрүн алып кетсе, алардын ичинен 11и жаш балдар болгон. Ал эми өрт кырсыгы алып келген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 225 миллион сомду түзөт.