Тышкы иштер министрлигинин кызматкери мас абалында жол кырсыгына кабылды

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын башчысы мас абалында жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 14-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 13-апрель күнү саат 17:10 чамасында 37 жаштагы Л.Дмитрий Ауди үлгүсүндөгү унаасы менен Тойота Ипсум унаасын сүзүп алган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Ауди унаасынын айдоочусу мас абалында экени аныкталган. Ошондой эле ал Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын башчысы болгон.

Учурда автоунаа айып жайга токтотулуп, бардык материалдар иликтөөгө жиберилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aitowa11
2014-04-14 13:28:17
Балык башынан сасыйт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан