Ырчы Самара Каримова юридика-бажы факультетинин окутуучусу Кубатбек Кочкоров менен ош жылдыз" аталды (фоторепортаж)

11-апрелде Ош улуттук драма театрында Ош мамлекеттик социалдык университетинин 20 жылдыгына карата "Кош жылдыз" сынагы болуп өттү. Талапка ылайык, анда бири мугалим, бири ырчы болуп жалпысынан 10 жуп катышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде окуу жайдын басма сөз катчысы Арген Нуров билдирди.

Иш-чаранын ачылыш аземинде ректор Чаткалбай Райымбаев "Куттуу окуу жай болгон ОшМСУда быйыл чоң-чоң иш-чараларды өткөрүүнү пландаганбыз. Кудай буюрса, университет заманбап окуу жай бойдон кала берет" деп катышуучуларга ыраазычылыгын айтып, ийгилик каалады. Ошондой эле сынакта облус жана жергиликтүү шаар бийлигинен, Ош шаарындагы ЖОЖдордун ректорлору келип, окуу жайдын мааракеси менен куттуктап, жылуу сөздөрүн айтышты.

Калыстар тобунун чечими менен баш байге болгон “Кош жылдыз” наамы юридика-бажы факультетинин окутуучусу Кубатбек Кочкоров менен жаш ырчы Самара Каримовага ыйгарылды.            

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulmira94
2014-04-15 00:34:57
азаматсынарго бул суроттордун ичинде менин айылдашым Каныбек да журот!!!!!!!!!
0
noeli
2014-04-15 10:27:58
эээкубат болом азамат.
+1
upol92
2014-04-16 02:35:31
Кызыл клем ден сонун отушконго портер менен келип
0
angel_91
2014-04-18 13:50:48
Ат менен чыгып, патриот экенинерди белгилеп оттунор. Азаматсынар Айпери Кошбаева жана Каныбек Дайырбек уулу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан