Парламентте 2013-жылдын республикалык бюджети каралууда

ЖКнын бүгүнкү 27-декабрдагы жыйынында КРнын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралууда. Жыйынга бардык министрлер жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышууда. Аталган мыйзам долбоору боюнча ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Депутат Улукбек Кочкоров Баткен аймагындагы чек ара көйгөйлөрүн айтып, Ахматбек Келдибековго кайрылды. "Баткенде эл ары-бери кенен өтө албай калды, өзбек-тажиктер таш менен уруп кыйнап жатат" деп ал тургай эл аралык уюмдар айтып жатат. Бул боюнча чара көрүшүбүз керек, сиз да бул көйгөй боюнча маалымат берип койсоңуз",- деди Кочкоров.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан