Бишкекте мас айдоочунун айынан 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 14-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 12-апрель күнү саат 20:30дар чамасында Москва көчөсү менен Логвиненко көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда Мерседес унаасынын айдоочусу рулду башкара албай токтоп турган 4 унааны сүзүп алган. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Ошол учурда айдоочу жана унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн баары мас абалында болушкан. Алар окуя болгон жерден качууга аракет кылышкан. Учурда 24 жаштагы айдоочу кармалды. Жол кырсыгы боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, тергөө бөлүмүнө жөнөтүлдү.