Казак президенти Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаевге жаңы жылдык куттуктоо жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрь күнү Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Нурсултан Назарбаев жалпы казак элинин атынан кыргызстандыктарга бекем ден соолук, бакыт, тынчтык жана өнүгүп-өсүүнү каалады. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн маалымдашкандай, учурда Алмазбек Атамбаевдин дарегине жаңы жылдык куттуктоо телеграммалары келе баштады. Ал эми Алмазбек Атамбаев өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтаого, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге, Канаданын башкы губернатору Дэвид Жонстонго, JICA`нын президенти Акихито Танакага жана Советтер Союзунун Баатыры Руслан Аушевго жаңы жылдык куттуктоо жөнөттү.