Парламент: Тармактык комитет Кыргызстанда мектепке чейинки даярдоо тармагына 4 миллион доллар алуу келишимин колдоду

Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстанда мектепке чейинки даярдоо тармагына Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 4 миллион доллар алуу (берилчү каражаттын 1-бөлүгү) боюнча макулдашуу долбоорун жактырды. Мындай чечим комитеттин 14-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, бөлүнгөн акча бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, балдарды мектепке даярдоо программасын кеңейтүүгө жумшалат. Аталган уюм бул тармакка жалпы 12,7 миллион доллар бөлгөнү жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан