Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети бүгүн, 14-апрелде Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо боюнча макулдашууну жактырды. Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы аталган жолдун 50 чакырымын оңдоого 45 миллион доллар бөлгөнү жатканын айтты. Маалыматка таянсак, акча 40 жылдык мөөнөт менен берилүүдө, анын 8,2 миллиону гранттык түрдө берилмекчи.
Комитет мүчөлөрү макулдашууну колдошту.