Бүгүн, 14-апрелдеги парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин жыйынында айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев "бизди азыр Атамбаевдин Кытайга иш сапары боюнча чогултуп жатат" деп айтып, бул сөзү үчүн депутат Сайдулла Нышановдон эскертүү алды.
"Атамбаевдин эмес, президент Алмазбек Шаршеновичтин. Ушундай айтыш керек. Сиз эмне, министрдин орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, президентти жөн гана фамилиясынан атайсызбы?" - деген Нышанов министрдин орун басарынан жыйындан чыгып кетүүнү талап кылды.