Жусупали Исаев: "Депутаттар менен министрлердин баары патриот, бирок сөз жүзүндө гана"

"Ар бир депутат, министрлердин баары патриот, бирок сөз жүзүндө гана". Мындай пикирди ЖКнын 27-декабрдагы жыйынында депутат Жусупали Исаев билдирди. Анын айтымында, Баткен облусун өнүктүрүү боюнча өкмөттүн программасы үчүн бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. "Биз өкмөттүн 2012-2014-жылы Баткен облусун өнүктүрүү деген программасын колдоп, чечим чыгарып бергенбиз. Ал программаны ишке ашырууга бюджеттен 2013-жылдын бюджетинен 1 сом да каралбаптыр",- деди. Ал эми Улукбек Кочкоров: "Тигил айылда ата-энем жашайт эле, ошого барыш үчүн асфальт жол куруп бергиле деген сөз болуп жаткан жок. Баткендеги кароосуз калган айылдардын чек арасын бекемдөө, ал айылдарды башка өлкөгө тарттырып жибербөө маселеси жөнүндө сөз болууда",- деп кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан