Ички иштер министрлиги: Эки милиция кызматкери каза болгон жол кырсыгынын себеби такталууда

Эки милиция кызматкери каза болгон жол кырсыгынын себеби такталууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, 12-апрелде саат 03:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 236-чакырымында Дон Фенг унаасы жолдон чыгып, 150 метр бийиктиктен кулап кеткен. Анын кесепетинен милициянын прапорщиги Нургазы Молдожакыпов жана милициянын старшинасы Максат Жоробеков каза болду. Алар Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери болушкан. Учурда экспертиза дайындалып, жол кырсыгынын себептери такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан