Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Тажикстандагы адам өмүрүн алып кеткен жер көчкүгө байланыштуу аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Кохир Расулзадага көңүл айтуу катын жөнөттү. Телеграммада төмөнкүлөр айтылат:
“Урматтуу Кохир Расулзада!
Тажикстандын түштүгүндө адам өлүмү жана олуттуу кыйроо менен коштолгон жер көчкү жана сел агымына байланыштуу терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Кыргызстандын өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду суранам. Жабыркагандардын тез арада сакайышын каалайм”.
Эскерте кетсек, 13-апрелде Тажикстандын Куляб облусунда жер көчкү жүрүп, 13 адам каза тапкан.