Абдулатип Режевалиев, депутат: “Жетим балдарды жер тилкеси менен камсыз кылуу алардын келчекке болгон үмүтүн улайт"

"Интернатты бүткөндөн кийин жетим балдарды жер тилкеси менен камсыз кылуу алардын келчекке болгон үмүтүн улайт". Муну бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Абдулатип Режевалиев билдирди. Бул багыттагы мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында каралып, 1-окууда жактырылды.

Режевалиев мыйзам долбоору ата-энеси жок балдарга интернаттарды бүткөндөн кийин жер тилкелерин кезексиз берүү каралганын айтты.

Ата-энесинен айрылган балдарга мамлекет жер тилкесин кезексиз берүүнү камсыздоо менен алардын келечекке болгон үмүтүн улайт”,- деди Режевалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан