КРнын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын ар кайсы аймагынан президенттик балатыга келген балдар үчүн жаңы жылдык майрам тартуулады. Бул тууралуу аталган министрликтен бүгүн, 27-декабрь күнү билдиришти. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, жаңы жылдык майрам жана кечки тамактануу республикалык азиздердин жана кулагы укпагандардын мектеп-интернатында өттү. Кошумчалай кетсек, ал мектеп-интернатта президенттик балатыга республиканын булуң-бурчунан келген балдар түнөп калышкан.