22-апрелде Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда биринчи жолу 19-20-кылымдагы немис композиторлорунун романстары жана ырлары германиялык музыканттардын аткаруусунда жаңырат. Анда аталган өлкөдөн чыккан Бах, Шуберт, Шуман, Брамс жана заманбап композиторлордун чыгармаларын Петер Шене, Хольгер Берндсен өңдүү немис музыканттары аткарышат.
Алар концерт гана берип тим болбостон, 21-24-апрелде К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жана М.Күрөңкеев атындагы Мамлекеттик музыкалык окуу жайдын музыканттарына заманбап вокал жана фортепиано боюнча мастер-класс өтүшөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы Германия элчилигинен кабарлашты.