"Жеке кызыкчылыгын көздөп, жасалма ишеним күбөлүк даярдап берген" деген шек менен Ысык-Көл облусунун 61 жаштагы тургуну кармалды

Ысык-Көлдө жеке нотариус жасалма ишеним күбөлүгүн даярдап берген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Жети-Өгүз районунун, Кызыл-Суу айылынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар жасалма ишеним күбөлүгү менен БМВ Х-5 үлгүсүндөгү унаасын сатышып, 16 850 доллар зыян келтиришкендигин айткан. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Ак-Суу районунун 61 жаштагы тургуну кармалды. Ал жеке кызыкчылыгын көздөп, БМВ Х-5 унаасына жасалма ишеним күбөлүк даярдап бергени аныкталган. Ал ишеним күбөлүгү менен башка адамдын унаасын жогорудагы Кызыл-Суу айылынын тургунуна сатып жибергендиги белгилүү болду. Учурда бардык материалдар топтолуп, тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tokmok.93
2014-04-14 13:32:07
карыганда жон койбоптур ((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан