Жалал-Абад облусундагы Торкен-Толук унаа жолуна бүгүн кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу 27-декабрда Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кар көчкү 1560 метр куб өлчөмүндө аталган унаа жолдун 68-чакырымында 27-декабрда эртең менен 8:30дарда түшкөн. Түшкөн кар көчкүнүн калыңдыгы 4 метрди түзөт.Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жаткандыктан, жол убактылуу жабылды.