Алмазбек Атамбаев Согуштун жана эмгектин ардагерлери уюмунун төрагасы Тарас Токомбаевди кабыл алды

Бүгүн, 14-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Улуу жеңиш күнүн утурлай Кыргыз Республикасынын Согуштун жана эмгектин, Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин уюмунун төрагасы Тарас Токомбаевди кабыл алды. 

Жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев Тарас Токомбаев менен 9-Май - Жеңиш күнүн жана 2015-жылы белгиленчү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык жактан жардам көрсөтүү маселелери дагы каралды.

Мамлекет башчы Кыргызстанда Жеңиш күнү ар дайым жалпы элдик майрам катары белгиленерин айтты. “Биз, азыркы муундун өкүлдөрү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою карыздарбыз”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан