Улуттук китепканада “Чыңгыз Айтматов - түрк духунун салтанаты” аталышындагы китептин бет ачар аземи өтөт

16-апрелде Улуттук китепканада “Чыңгыз Айтматов - түрк духунун салтанаты” аталышындагы китептин бет ачар аземи өтөт. Китепте Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Орусия, Казакстандын белгилүү инсандарынын кыргыз жазуучу тууралуу ойлору жазылган. 

Мааракеге арналып басылып чыгарылган китепте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун азыркы кезге чейин өз актуалдуулугун жогото элек улуу ойлору, кеңештери жана аны менен болгон баарлашуулар камтылган.

"Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесине арналган бул китепти басып чыгарууну Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колго алган",- деп билдирет аталган китепкананын басма сөз кызматы.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан