Орусияда 9-класстын окуучусу суу алдына түшүп кеткен 5 адамды куткарып калды

9-класстын окуучусу карда жүрүүчү унаа менен бара жатып муз алдына түшүп кеткен 5 адамды суудан алып чыкты. Окуя Орусиянын Камчатка өрөөнүндөгү Тличики айылында жайгашкан булуңда катталган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар 14-апрелде жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, мектеп окуучусу сууга түшүп кеткен адамдарды көрүп, полиция кызматкерлерине кабарлаган. Андан соң эки аркан алып келип, аларды куткарууга киришкен. Бир аздан кийин полиция кызматкерлери келип, кырсыкка кабылгандарды куткарып калышкан. Баары полиция бөлүмүнө жеткирилип, тийиштүү жардам алышкан.

Алар Вывеновка айылынын жашоочулары экендиги жана коңшу айылга Маралдар майрамына бара жатышкандыгы аныкталган. Кар үстүндө жүрүүчү унааны тереңдиги 3 метр болгон суудан алып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lumia-800
2014-04-14 14:12:30
Баатыр.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан