2013-жылдын республикалык бюджетинен Чек ара кызматына кошумча 50 миллион сом бөлүп берүү каралып жатат

Парламенттин 27-декабрдагы жыйынында КРнын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат. ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибековдун айтымында, 2013-жылга карата Чек ара кызматына бюджеттен кошумча 50 миллион сом каралууда. Ветеринарияга дары-дармек сатып алууга - 20 милилон, жаш мугалимдин депозитине - 40 миллион, окуу китептери үчүн - 38 миллион, компьютер менен жабдууга - 13 миллион, КРнын Президентинин алдындагы башкаруу академиясына - 22 миллион сом, жалпы билим берүү тармагына 113 миллион сом кошумча каражат бөлүнүүдө. Ошондой эле УМККнын СИЗОсуна - 10 миллион сом, Башкы прокуратурага - 15 миллион,  Ветеринария департаментине - 40 миллион сом, ӨКМга - 38 миллион, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине - 55 миллион сом бөлүп берүү каралууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан