“Түштүк Кореянын жаранын тоногон” деп шектелип жаткан аскер кызматкерлеринин иши Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин көчмө жыйынында кабарлады.
Эске сала кетсек, 19-марттан 20-мартка караган түнү саат 01:30 чамасында Бишкек шаарынын Тынчтык проспекти менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишиндеги “Люкс” караоке-клубуна бет капчан адамдар кирип келишип, Корея Республикасынын А.Е. аттуу жаранын коркутуп, 3000 доллар акчасын жана 6 даана уюлдук телефонун алып кетишкен.
Бул кылмышка шектелип төмөндөгү жарандар кармалышкан:
- Т.Канат, 39 жашта, Ысык-Көл облусунун тургуну. Ал Бишкек шаарындагы Аскер бөлүктөрүнүн биринин сержанты болгон.
- К.Адилет, 25 жашта, Нарын облусунун тургуну. Ал Бишкек шаарындагы Аскер бөлүктөрүнүн биринин сержанты болгон.
- И.Асет, 23 жашта, Чүй облусунун тургуну. Бишкек шаарындагы Аскер бөлүктөрүнүн биринин кичи сержанты болгон.
- Б.Мирлан, 24 жашта, Нарын облусунун тургуну. Убактылуу иштебейт.
- Бекболот, 23 жашта, Нарын облусунун тургуну. Убактылуу иштебейт.
Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.