16-апрелде Бишкектеги КРнын Улуттук китепканасында “Азербайжан – оттун өлкөсү” аталышындагы китеп көргөзмөсү өтөт. Көргөзмөгө Азербайжан мамлекети тууралуу материалдар, азербайжандык авторлордун китептери, ар кандай фотодокументтер коюлат.
“Кыргызстан жана Азербайжан – боордош, терең тарыхый, маданий байланышы бар өлкөлөр. Алар илгертеден бери бири-биринин маданиятына жана адабиятына кызыгып келишет”,- деп билдиришет аталган китепканадан.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага КРнын расмий өкүлдөрү, Азербайжан жана Кыргызстандын парламент депутаттары, дипломатиялык корпус, эл аралык жана коомдук бирикмелер, маданият жана илим ишмерлери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Чыңгыз Айтматовдун жакындары жана башкалар катышат.