2012-жылы "Манас" Эл аралык аэропортунун таза кирешеси 1,560 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу аэропорттун вице-президенти Таалай Турумбеков журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, аэропорт былтыр таза киреше катары 1,275 миллиард сомду түзгөн. Ошондой эле "Манас" Эл аралык аэропортунун вице-президенти Таалай Турумбеков 2013-жылы Ош, Баткен, Исфана, Жалал-Абад жана "Манас" аэропортун реконструкциядан өткөрүү пландашылып жатканын кошумчалады.