Жаза аткаруу кызматынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 14-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 2010-жылы “Р” чакан ишканасы менен Жаза аткаруу кызматынын ортосунда жалпы баасы 2 миллион 217 миң сомго азык-түлүк жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. “Р” чакан ишканасы келишимди аткаруунун кепилдигин камсыздоо үчүн Жаза аткаруу кызматынын депозиттик эсебине 110 879 сом которгон. Келишимди аткаруу учурунда аталган ишкана тарабынан 5040 килограмм ак май жеткирилген эмес. Мындан улам депозиттик эсепке которулган акча каражаты атайын токтом менен Жаза аткаруу кызматынын эсебине которулуп, кеңсе эмеректерин алууга жана бөлмөнү оңдоп-түзөөгө жумшалган. Бирок бул акча каражаты республикалык казынага түшүш керек болчу.
Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.